Базар-Коргондогу бакчанын курулушу 3 жылдан бери токтоп турат. Видео

Базар-Коргон районунда 70 пайыз бөбөк  бакчага муктаж. Бирок аймакта курулуп жаткан бакчалар 3 жылдан бери бүтпөй жатат.

2015-жылы аталган райондун Кайрыма айылында 75 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталган. Бирок, арадан 3 жыл өтсө да бүтпөй токтоп турат. Бул арада күн сайын бакча жашындагы бөбөктөрдүн саны өсүүдө.

Акман айыл өкмөтүндө балдар бакчасына муктаж 600 гө  чукул бөбөктөр бар. Эгер Кайрыма айылындагы эки кабаттуу бакча бүтүп калганда, алардын 100 гө чукулу заманбап жайдан таалим-тарбия алышмак.

Бакчанын курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчага курула  баштаган. Анын сметалык наркы 22 миллион 400 миң сом болгон. План боюнча ал 2017-жылы ишке кирмек. Бирок  бүгүнкү күндө  болгону 8 миллион сомдук гана жумуштар аткарылган. Качан бүтөөрү азырынча белгисиз.

“Бул бакча азыр 35% гана бүткөн. Өкмөттүн токтому чыкпадыбы “курулушнун 70% дан жогоркусу  бүткөндөрүнө гана акча бөлүнсүн” деп. Ошого биздин бакча кирбей калды. Быйыл бир сомда которулган жок”,- дейт Акман айыл аймагынын башчысы Марсел Көкөнов.

Бүгүнкү күндө жер-жерлерде минтип курулушу токтоп турган социалдык обьектилер арбын. Муну жергиликтүү жашоочулар мамлекеттин пландуу жана максаттуу иш алып барбаганынан деп эсептешет. Алардын бири Кундуз Шайдылдаева буларга токтолду:

“Толук бүтпөгөн балдар бакчасы дагы бир нече жыл ушул абалда турса, колдонууга берилбей жатып бузула баштайт. Анткени күндө ичкени да, мушташканы да, таштанды ыргытканы да ушул жака келе. Айрымдары малын алып келип багат. Муну бүткорбөсө таштангыга толот”

Акман айыл аймагында 6 айыл болсо, анын экөөндө гана балдар бакчасы бар. Алардын бири мурдагы мечит, экинчиси эск имектептин имаратында ачылып, 250 бала тарбияланууда. Белгилей кетсек, Базар-Коргон районунда быйылкы жылы бир бакчаишке берилген. Ал эми дагы экөөсүнүн курулушу токтоп турат. Район жетикчилиги билдиргендей,бүгүнкү күндө Базар-Коргондун 70% жеткинектери мектепке чейинки билим уяларына муктаж.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген