Базар-Коргондо окуучулар полиграфиялык борбор ачты

Базар-Коргондун Сейдикум айылында окуучулар долбоор жазып, аймакта биринчи жолу полиграфиялык борбор ачты. Мурда нуска көчүрмө үчүн да район борборуна каттаган элеттиктер эми кагаз иштери үчүн ары-бери каттап, убара тартпайт. Тейлөө акысынан жергиликтүү казына киреше тапса, долбоорду ишке ашырган окуучулар эмгек акы алат.

Жаңы гана ачылган борбордо мындан ары түстүү сүрөттөрдү чыгарууга, кийимдерге жана идиштерге ар кандай сүрөт, эмблемаларды түшүрүүгө болот. Мындай мүмкүнчүлүктү Жалал Асанов орто мектебинин 9-10 класстарында билим алган окуучулар түзүштү.

Аларды  “Жашстан” долбоору колдоого алып, 70 миң сом бөлгөн. Полиграфиялык борбор мектептин базасында ачылган менен жалпы айыл үчүн кызмат кылат.

Текст: Кабылбек Көчкөнбай уулу

Видео: Шайырбек Зайырбек уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген