Базар-Коргондо ишкерди опузалап, акча талап кылган УКТ мүчөсү кармалды

Базар-Коргондо ишкерди опузалап, акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү (УКТ) кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Ж.А.Э (каймана аты Малик) аттуу жаран коркутуу жана шантаж кылуу аракети менен жеке ишкерден 80 миң сом жана алтын буюмдарын, уюлдук телефонун тартып алгандыгы аныкталган. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 100 миң сомду түзөт.

Аталган факт Базар-Коргон РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан бирдиктүү реестрге катталган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.