Базар-Коргондо ата энеси жок балдарга акчалай жардам беришти

Базар-Коргондо 25 ата энеси жок балага акчалай жардам көрсөтүлдү. Алардын баарына күнүмдүк керектөөсү үчүн эки миң сомдон берилди. Демилге райондун имамы тарабынан көтөрүлүп, демөөрчүлөр колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу “Ынтымакка” муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

“Келечек жаштардын колунда. Андыктан балдарыбызга камкор болуп, аларды ар дайым колдоого алып туруубуз зарыл. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: “Кимде-ким жесирди жана жетимди өз кепилдигине алган болсо, кыямат күнү ал мени менен чогу болот”,-деп айткан. Андыктар ар бирибиз ата-энесинен ажыраган балдарга колдоо көрсөтүп, алардын көңүлдөрүн алып туруубуз керек”,-деди райондун имамы Тынчтыкбек ажы Шаиков.

Муну менен катар имам балдарды ыймандуулукка, жакшы жүрүш-турушка, сабырдуулукка тарбиялоо максатында сабак өтүп берди.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz