Баткенге жалпысынан 572,931 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Баткен облусуна 4-майга карата жалпы 572,931 тонна гуманитардык жардам  келип жеткирилди. Анын 515,081тоннасы жабыркаган үй-бүлөлөргө жеткирилди. Дагы 57,850 тоннасы кампада сакталууда.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, жардам катары, негизинен азык-түлүк, кийим-кече, турмуш тиричиликке керектелүүчү буюмдар, гигиеналык каражаттар барган.

Ошондой эле облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11 миллион 684 миң сом каражат которулган. 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.