Баткенге Ош облусунан 60 тонна гуманитардык жардам жиберилди

Баткенге Ош облусунан 60 тонна гуманитардык жардам жиберилди. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, жардамдын басымдуу бөлүгү азык-түлүк, 17 тонна картошка, 3 тонна ун жана өсүмдүк майы жөнөтүлдү. Жалпы 3 миллион сомдук гуманитардык жардам жиберилет.

“Мындан сырткары, Ош облусунун жарандарынын демилгеси менен жардамдар келе баштады. Ал эми акчалай жардам берүүнү каалаган жарандар үчүн атайын эсеп ачылат”, – деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, саат 16:00дө Ош облусунан Баткенге гуманитардык жардамдын экинчи партиясы жиберилет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.