Баткенге”Ден-соолук кербени” мобилдик комплекстери берилди

Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондусу тарабынан гранттык негизде каржыланган, “Ден-соолук кербени” долбоорунун алкагында Кыргызстанга өткөрүлүп берилген заманбап мобилдик медициналык комплекстер Баткен облусунун Лейлек районуна берилди. Бул тууралуу маалыматты саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев көчмө клиникалардын Баткен облусунун Лейлек районунун тургундарын профилактикалык медициналык кароодон өткөрүүгө даярдыгын текшерди.

“Ден-соолук кербени” долбоорунун негизги максаты – ар кандай ооруларды, анын ичинде эрте баскычта аныктоо үчүн даректүү профилактикалык текшерүүлөрдү уюштуруу менен айылдык жана жетүүгө кыйын аймактардагы калктын ооруларынын алдын алуу жана табуу.

Көчмө медициналык комплекстер эң заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Баткен облусунун жашоочулары гинекологиялык, стоматологиялык, хирургиялык, терапиялык жардам алышат, ошондой эле УЗИ жана рентген диагностикасынан өтүшө алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.