Баткендин жашоочулары жаңы түшө турган курулушка эмне үчүн каршы чыгып жатат?

Кызыл-Кыя шаарындагы Молодёж-10 көп кабатуу үйдүн жашоочулары маңдайлаш түшө турган  курулушка каршы болуп чыгышты. Эгерде курулуш түшсө, көп кабаттуу үйдүн астыңкы бөлмөлөрүнө күндүн табы тосулуп, сыз өтөт деп кооптонуп жатышат.

Абдырахман Калыков 10 жыл мурда аукционго коюлган муниципиалдык жерди утуп алган. Тилкеге соода түйүн курууну пландап, бирок жергиликтүү тургундардын каршылыгынан улам курулушун баштай албай турат.

“Бул жердин документтери бар. Баары мыйзам чегинде. Жаңы түшкөн курулуш эч кандай күндү тоспойт, жашоочуларга ыңгайсыздык жаратпайт”,- дейт Абдрахман Калыков.

Ал эми аталган көп кабаттуу үйдүн жашоочулары аукциондо тургундардын ой- пикири эсепке алынбагандыгын айтышат.

“Эгер бул жерге курулуш түшсө, анда биринчи кабаттар ным тартып, бассейнде жашагандай эле болуп калабыз. Кантип, кандай жол менен курулушка уруксат берилип калганы бизге түшүнүксүз дейт”,- Молодёж-10 үйүнүн жашоочусу.

Курулушту болтурбоо үчүн көп кабаттуу үйдүн 10го жакын жашоочусу шаардык мэрияга жыйналышты. Алардын негизиги талабы шаар бийлиги элдин көйгөйүн чечип берсе деп жатышат.

Тургундардын кайрылуусунун негизинде тиешелүү кызматтардан комиссия түзүлүп, мыйзамдуу жагын карап чыгуу тапшырмасы коюлду. Маалым болгондой, комиссия ишти аныктаганга чейин тилкеге эч кандай курулуш түшпөйт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген