Баткендин Көк-Таш айылында абал туруктуу

Баткен районунун Көк-Таш айылында абал туруктуу. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Көк-Таш айылында абал туруктуу, топтошкондор жок, жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат”, – деди ал

Чек ара кызматы 16-декабрда кыргыз-тажик чек ара аймагында ок атылганын кабарлаган. Кыргызстандын жарандары Баткен районунун Көчө-Бою аймагында курулуш иштерин жүргүзүп башташкан. Ал жерге Тажикстандын чек арачылары келип, курулушту токтотууну талап кылышкан. Кайым айтышуу чырга айланып, тажик күч кызматкерлери “Макаров” үлгүсүндөгү тапанчадан төрт жолу асманга ок чыгарышкан.

Акимдин айтымында, окуя катталгандан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, абалды чыңалтпоо боюнча жергиликтүүлөргө түшүндүрүү чаралары жүргөн. Чек арадагы чырга себеп болгон курулуш ишин Кыргызстандын жараны токтотту.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.