Баткендин эки тургуну дайынсыз. Бийлик өкүлдөрү маалымат берүүдөн баш тартты

Баткендин эки тургуну үч күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Аларды Тажикстандын чек арачылары 29-октябрда кармап кеткенин жергиликтүү тургундар айтып чыкты. Азырынча бул маалыматты эки өлкө тең расмий тактай элек. Бейдайын болуп жаткандардын жакындары бүгүн бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, жарандарды коңшу өлкөдөн кайтарып алуу талабын коюшту. Окуя боюнча Кыргызстандын тиешелүү кызматтары комментарий берүүдөн баш тартууда. Биздин кабарчы дайынсыздар боюнча жергиликтүү элдин маалыматын жана божомолдорун угуп кайткан.

29-октябрь күнү Баткендин Тажикстан менен чектеш Кара-Бак айылынан Сарвар Туланов дайынсыз жоголгон. Ошол эле күнү коңшулаш Ак-Турпак айылынан да бири кишини таппай калышкан. Азырынча анын аты-жөнү ачыктала элек, А.М. деген инициалдары гана белгилүү.   30-октябрга караган түнү саат 2лер чамасында экөө жакындарына телефон менен байланышып, Тажикстандын чек арачылары кармап кетишкенин билдиришкен экен.

Ошондон бери Кыргызстандын бул эки жараны тууралуу маалыматтар жок. Дайынсыздардын жакындары жана айылдаштары окуядан үч күн өткөндөн кийин бүгүн жергиликтүү бийликке кайрылышты. Алар Сарвар Туланов  менен актурпактык тургунду Тажикстандан алып келүүнү талап кылып жатышат.

Дайынсыздарды бошотуп берүү талабы менен келген эл менен бийлик өкүлдөрү жабык эшик артында сүйлөшүү өткөрдү. Жыйынга киргизилбеген журналисттерге расмий адамдар маалымат берүүдөн да баш тартышты.

Баткендин эки тургунун Тажикстандын чек арачылары кармап кеткени расмий тактала элек. Азырынча бейдайын болгондордун  түн бир маалдагы телефон чалуусу гана илинчек болуп турат. Ал ортодо жергиликтүү эл бул окуяга эмне түрткү болгонун боолгоп айтууда. Алар билдиргендей, бир аз мурдараак Тажикстандан Кыргызстанга келип, жалданып иштеген беш аялды УКМК кармаган. Коңшу өлкөнүн чек арачылары буга жооп кылып Кыргызстандын эки жаранын кармап кеткен.

Тиешелүү тараптар эки өлкө ортосунда сүйлөшүү жүргүзуп, буга чейин кармалган Тажикстандын беш жаранын эртерээк бошотуп, 2-ноябрда түшкө чейин Кыргызстандын эки жаранын кайтарып алууну убадалашты. Тиешелүү кызматтар коңшу өлкөдөгү кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү башташты.

Окуя боюнча тургундардын маалыматын жана божомолун бүгүн кечки саат 19:00дө “Ынтымак” телеканалынын “Кабарлар” программасынан көрө аласыздар. 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz