Баткендин эң алыскы айылына жаңы мектеп курулду Видео

Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн, Кан айылындагы З. Ормонов атындагы орто мектеби заман талабына ылайык бардык шарты менен курулуп бүттү. Мектеп 225 орунга ылайыкташып, ашкана, спорт залы, жуунучу жайы да бар.

Тоо боорундагы Кан айылында пайдаланууга берилген мектептин ачылышына КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган жетекчилер катышып, окуучуларды жана айыл элин куттукташты.

Орто мектептин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 43,5 миллион  сомго бүткөрүлдү.

Кан айылынын окуучулары, буга чейин жарым кылым  мурда салынган мектепте окуп келишкен. Эски мектеп 1936- жылы курулуп, дубалы сынч-ылай менен тургузулган болчу.

Баткен районунда жалпы 53 мектеп бар. Учурда дагы 3 мектептин курулушу жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген