Баткендин чек арага чектеш айылдарына 29 чакан ишкана курулат

Баткен облусунун чек арага жакын  21 айылынын жаштары үчүн чакан ишканалар курулат. Демилге “Баткен бизнес клуб” долбоорунун алкагында ишке ашат. Ал үчүн  8 млн сом бөлүндү.

Бул демилге чек арадагы жаштардын  ынтымагын бекемдөө жана миграциянын алдын алуу максатын көздөйт. Бөлүнгөн каражатка    29 чакан ишкана түптөлөт. Каражат жеке ишкерлик кылуу максатында долбоор жазгандарга бөлүнүп бериле баштады.

Өз ишин баштагандардын бири 27 жаштагы Шерзод Самандаров. Ал иштетип жаткан ашканада азыр 12 жумушчу эмгектенет.

“Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Арка айылында жашайм. Мал базардын айланасында ашканалар жок болгон үчүн коомдук тамактануучу жай кургамын. Бирок эмеректерди алганга акча жок, иш башталбай токтоп турган. Анан мен ишкерлерге колдоо көрсөтчү долбоор тууралуу угуп, бизнес программасын жазадым. Ошентип, 600 миң сом каржат ажыратылып, 50 орундуу ашкана ишке кирди”, – деди Шерзод Самандаров.

Чек арада жашаган жаштардын ынтымагын бекемдөө жана сырткы миграцияны алдын алуу максатын көздөгөн демилгени ишке ашырууга Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги жана Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы коолдоого алган. “Биснес клуб Баткен” долбоору ушул жылдын аягында жыйынтыкталат.

Сүрөт: Азаттык.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген