Баткендин аймактарында сел жүрдү

Баткендин Согмент жана Газ айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кечээ, 12-июлда Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Согмент жана Газ айылдарында катуу жамгыр жаап, сел жүрдү.

Сел аталган айыл аймактарындагы турак үйлөргө жана эгин талааларга зыян келтирген эмес. Бирок, Долто-Сай тилкесинде жээк бекемдөөнүн айрым жерлерин сел суулары жеп кеткен. Жаңы-Коргон тилкесинде сел жолдун 400-500 метр аралыгына кум-шагылды агызып келген. Жолдон өтүүгө кыйынчылыктар жаралууда.

Газ айылына тараган сел бир нече жергиликтүү тургундардын короосуна кирген.

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Газ жана Согмент айылдарында жүргөн селден кийин жерине барып, жергиликтүү тургундардан кабар алган. Облус башчысы тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө келтирилген чыгымдарды тактоо, кайра калыбына келтирүү боюнча кошумча күч жана атайын техникаларды тартууну тапшырган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.