Баткендин 41 жаштагы тургуну баңгизат менен кармалды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2 килограммга жакын багизатын алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчысы маалымдады.

ИИМдин БМЖКККнын баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенген жарандарды аныктоо жана алардын кылмыштуу иштерине бөгөт коюуга багытталган атайын операциясы ийгиликтүү аяктады.

Аталган факт Жазык кодексинин 268-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталды.

Ыкчам-тергөө амалдары Баткен облусунун Кадамжай шаарында жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектелип 41 жаштагы жаран колго түштү. Шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан кара-күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар каражат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы каражат Афганистанда өндүрүлгөн 1 килограмм 938 грамм салмактагы “Гашиш” баңги каражаты экендиги аныкталды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген