Баткендин 25 жаштагы тургуну чачтан сүрөт тартууда

Баткендин Айгүлташ айылынын тургуну чачтан портреттерди тарта баштады. Ал бул кыялын ишке ашыруу үчүн 6 жыл ойлонгон. Учурда борбордогу сулуулук салондорунун биринде эмгектенет.

Умар Мажитов бала чагынан тарта сүрөт тартууга кызыгып, сабак окуудан баш тартып сүрөт тартып жүргөн. Ата-энесинин каршылыгынан улам, жактырган кесибин аркалай алган эмес. Мындан улам чач тарач болуп иштеп келет. Шыктануусунун натыйжасында өнөрүн кесибине айкалыштырууну көздөйт. Алты жыл дегенде изденип олтуруп, чачты пайдаланып жерге портрет тарта баштаган.

-Чач менен сүрөт тартууңузга эмне себеп болду?

-Сүрөт тартууга кызыгуум күч болгондуктан, 6 жашыман тарта сүрөт тарта баштаганмын. Тилекке кашы мектепти бүткөн соң Бишкекке келип, “ Сүрөт Академиясына” тапшырам дегенимде  ата-энем  каршы болгон. Кесибим менен хоббими айкалыштырып өзгөчө портрет тартууга кириштим.

-Тарткан сүрөттөрүңүзгө кызыгып, сатып алуу сунуштары болгонбу?

– Алгач сүрөттөрдү жерге тартып, шыпырып салчумун. Анан бир байке келип эгер сен ушуну тактайчага иле турган тартсаң  100 долларга сатып алам деп кеткен. Ушул сөзү мени аябай таасирлентти. Кантип ушуну тактайчага тартып, сактап калсам болот. Тарткан эмгегим ушинтип эле шыпырылып жок болуп жатат деп ойлондум.

-Кантип сактап калуунун ыкмаларын таптыңыз?

–  Анан издене баштадым . Холско түшүрүп, чачты жабыштыруу жолдорун, кантип көп жылдарга сактап калуу мөөнөттүн изилдеп чыктым.

– Көргөзмө уюштургансызбы?

-Болгону учурда  беш, алты тактайчага тартылган портреттим эле бар. Көбүнчө жерге эле тартып шыпырып салган учурларым болот.

– Бир сүрөттү канча убакытта тартасыз?

–  Эң көп дегеним бир саат аралыкка чейин тартып үлгүрөт. Көбүн эсе портреттерим 45 мүнөттү камтыйт.

– Алгач кимди тарткан элеңиз?

– Эң биринчи Мэрлин Монронун элесин түшүргөм. Кийинчерээк кино жылдыздарын түшүрө баштадым. Брюс Ли, рэпер Тимати, Сүймөнкул Чокморов  жана индиялык лидер Махатма Гандинин элесин түшүргөм.

– Эмне үчүн башка актерлорду эмес Чокморовду тандадыңыз?

– Сүймөнкул Чокморовдун портреттин тартканым жөн жерден эмес. Ал мени аябай шыктандырат. Өзү да сүрөтчү болгондуктан аны тартуу мага жагымдуу.

Умар алдыда бул өнөрүн өркүндөтүүнү каалайт. Өзгөчө портреттерди тартуу менен жайылтууну максат кылууда.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген