Баткендиктер чыга элек таза сууга акы төлөп жатышат. Күнөө кимде?

Эки жыл мурда Баткен шаарында “Таза суу” долбоору башталган. Ал 2 миңден ашык кожолукту 24 саат бою ичүүчү суу менен камсыздамак.  Бул үчүн Европа реконструкциялоо банкы Баткен шаарына 30 млн евро бөлмөк. Бирок иш азыр деле баштала элек, себебин банк менен мэрия эки башка түшүндүрүүдө. 

Банк өкүлдөрү иш кагаздары толук бүтпөй жатканын айтса, жергиликтүү бийлик техника сатып алуу үчүн уюштурган тендерин Европа реконструкциялоо банкы жактырбай артка кайтарганын себеп кылууда.

Ал ортодо таза сууга муктаж болгон эл чыга элек суу үчүн бир жылдан бери акы төлөп келишет. Долбоор башталган жылдан тарта суу акысы 15%га кымбаттаган. Анткени “Таза суу “долбооруна Европа реконструкциялоо банкы 30 млн евро бөлсө, анын бир бөлүгү кайтарымдуу болгон.

 “ Таза суу бизге келе элек. Бирок бир жылдан бери  суу акысын ашыкча төлөп жатабыз”,- дейт Баткен шаарынын тургуну Адилет Салимбай уулу.

Долбоор 2016-жылдын декабрь айында башталып, биринчи бөлүгү 2018-жылдын январында  бүтүүсү пландалган болчу.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда бул эки миң кожолуктан сырткары таза сууга муктаж дагы 80ге жакын айыл бар.

Сүрөт:  Голос свободы

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген