Баткендик окуучу телефон кубаттаган калпак жасады

Жайлоодо жүргөндө, телефонду кубаттоо көйгөй эмеспи. Эми бул тоскоолдук чечилет өңдүү. Калпакты кийип аласыз да, керемет тоолордун койнунда каалаганча селфи жасай бересиз. Сизди күндөн коргогон калпактан телефонуңуз кубат ала берет.

Өз табылгасынын тиричиликте тие турган пайдасын жаш ойлоп табуучу ушундай элестетет. Кадамжайдагы мектептердин биринде 7-класста окуган Рустам Мамазарип уулу “сырдуу калпак” деген эмгегин бир аптада жасады.

“Кадимки күндөн энергия алуу ыкмасын кодондум. Калпакка коюлган жабдык менен телефон USB-зым менен туташат да, смартфон кубат ала берет. Күндүз алынган энергия түнгө да жетет. Кадимки токко сайганда кубаттоого канча убакыт кетсе, телефон күндөн деле ошондой убакта кубат алат”, – дейт Рустам.

Жаш ойлоп табуучунун “сырдуу калпагы” Баткенде өткөн  ойлоп тапкычтардын сынагында кызыгуу жаратты.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz