Баткендик дарыгерлер: Эч кандай дообуз жок, Ысык-Көлдө сонун эс алып жатабыз

Ысык-Көлдө эс алып жаткан Баткен облусунун дарыгерлери Саламаттык сактоо министрлиги уюштурган эс алуу ойдогудай өтүп жаткандыгын билдиришти. Алар учурда “Энесай” жана “Алтын Жай” пансионаттарында реабилитациядан өтүп жатышат.

Алардын айтымында жатакана, тамак-аш жана маданий иш-чаралар мыкты деңгээлде уюштурулган.

“ Баткендин дарыгерлер Ысык-Көлдөгү эс алуу шарттарына нааразы болуп жатат деген маалыматтар соцтармактарда тарап жатат. Биз бул пикирге кошулбайбыз, эч кандай дооматыбыз жок. Тескерисинче, ыраазыбыз”, – деди Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын бөлүм башчысы Ирсалат Абдуллаева.

Буга чейин айрым маалымат сайттар көлдө эс алып жаткан дарыгерлер андагы шартка нааразы экендигин, алар баткендиктер болгондугу үчүн көңүл бурулбай калгандыгын жазган эле. Аталган облуста коронавирус күчөп турган учурда эмгектенген дарыгерлер эс алуу үчүн Ысык-Көл облусуна 10-сентябрда жөнөп кетишкен.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдөгү “Энесай” жана “Алтын Жай” пансионаттарында 2500дөн ашуун дарыгер эс алып, ден-соолуктарын калыбына келтиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген