Баткендик балдар эс алуу үчүн Ысык-Көлгө жөнөп кетишти

Бүгүн, 27-майда Баткен облусунан 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөштү. Алар Ош аэропорту аркылуу Тамчы аэропортуна учуп кетээри айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

28-30-апрелде Тажикстан менен болгон чек арада болгон окуянын кесепетинен жабыркаган балдарга эс алууну президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен коомдук ишмер Ассоль Молдокматова уюштурган.

Белгиленгендей, облустун чек ара райондорунан 140 бала жана 6 мугалим Ысык-Көлдө 10 күнгө эс алышат. Андан кийин алар Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Семетей” лицейинде дагы 15 күн эс алышат.



Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.