Баткенден Өзбекстанга мыйзамсыз ташылып бара жаткан жүктөр кармалды

Кечээ, 26-апрелде Баткен облусунун аймагынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жаткан жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай районунун Кара-Тумшук аймагында чек ара кызматкерлери шек санаткан Хюндай-Портер үлгүсүндөгу унаасын кармашкан. Текшерүүдө аталган унаанын айдоочусу Өзбекстанга 150 миң сомдук ар кандай (фен) товарларды алып бара жатканы белгилүү болду.

“Мындан сырткары ошол эле күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Таза-Суу аймагында 2001-жылы туулган Кыргыз жараны Өзбекстанга 12 баш мал алып бара жатканы белгилүү болгон. Аталган облустун Кашка-Суу аймагынан 8 кап селитра жана 3 мүшөк күрүч азыгына бөгөт коюлган. Тийиштүү протоколдор толтурулган соң жогорудагы кармалган жарандар жана жүктөр укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди”, – деп жазылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.