Баткенден уурдалган малдар Жалал-Абаддан табылды Видео

22-сентябрдын түнү Баткен районундагы Жаңы-Жер айылында 8 бодо мал бирдей жоголгон. Кийичерээк издөө иштеринин натыйжасында уурдалган малдар, Жалал-Абад облусунун Сузак районунан табылды.

Баткен облусунда акыркы 15 күн аралыгында мал уурулук фактылары көп каттала баштады.

 “ Эрте менен жерибизге уйларды сааганы барсак, байлоодо турган малдар жок. Кошунам да уйларынын жоктугун айтып чуркап чыкты. Ары бери болуп тескөөчүгө чалдык. Дароо Торговыйдагы камерага түшсө керек деп жетип бардык. Бирок, аларда караңгы болуп көрүнбөй калыптыр” ,-дейт  Жаңы-Жер айылынын тургуну Сүйүнбай Абдыкеримов.

Аймактык тескөөчү милиция кызматкерлери менен окуя болгон жайдан дароо издөө иштерин баштаган. Жыйынтыгында, бир жарым сутка ичинде малдын баары Жалал-Абаддын Сузак районундагы базарлардан табылган. Ал эми уурдаган кишилер Баткендин эле жарандары болуп чыкты.

 “Булар Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары экен. Баткен шаарына келип, кете жатып жолдогу малдарды гигант машинасына салып кеткен экен. Баары өз чараларын алышты”,- дейт  Баткен райондук Ички иштер бөлүмүнүн ага аймактык ыйгарымдуу өкүлү Нурланбек Бадалов

“Мал уурулук акыркы 15 күндө өсүп кетти. Себеби мына ушул айларда мал жайлоодон түшөт дагы эл кайсы учурда малын жоготкондугун так билишпейт. Жайытка кошкондо да келишимсиз жөнөтөт, жайыттан түшкөндөн кийин гана аныкталып, бүгүнкү күндө бизге келип арызданышууда”,-деп билдирет  Баткен ОИИБдин маалымат катчысы Дамира Юсупова.

Облус аймагында 9 ай ичинде 42 факт мал уурулук катталса, анын 39нун бети ачылып, уурдалган мал өз ээлерине кайтарылып берилди. Ошондо жалпы 55 бодо мал уурдалып, анын 35и табылган. Мындай фактылар Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен аймактарда да катталып,  анын негизинде эки тарап биргеликте иштеп, мал өз ээлерине кайтарылган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген