Баткенден 51 медицина кызматкери Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетишти

Кечээ, 10-сентябрда Баткен облусунун ар кайсы аймактарында, коронавирус инфекциясы жайылган учурда оорунун очогунда эмгектенген дарыгерлер эс алуу үчүн Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу республикалык штабдан маалым болду.

Ден-соолук сакчыларын облус башчысы Алишер Абдрахманов узатып, аларга ак жол каалады.

Медицина кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы “Рахат” эс алуу пансионатында 7 күн акысыз эс алышат. Дарыгерлердин эс алуусун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюздук уюму уюштурган. Алардын барып келүү жол акысы жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.