Баткендеги “Сан-Сарай” этно музейинин аянты талашка түштү

Баткен шаарындагы музейдин аянтын жашоочуларга өткөрүп берүү керек. Мындай талабы менен шаар тургундары музей жетекчисинин үстүнөн арыз жазышты. Алардын айтымында жетекчи жерди өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатат.

Ал эми адистер корук түзүлгөнгө чейин эле бул аймакта турак жайлар болгонун айтышат.

Бирок айдоо жер катары пайдаланууга же курулуш курууга уруксат берилген эмес.

Учурда Баткен райондук прокуратурасы ишти иликтеп, этно-музейдин токтомун жокко чыгаруу керектигин айтышууда. Анткени ушул убакка чейин музей багытында эч кандай иш аракеттер көрүлгөн эмес. Тескерисинче жетекчиси өз кызыкчылыгын көздөгөн дешет.

Болжолдуу экинчи кылымдарга таандык делген “Сан-Сарай” этно музейи учурда шаардын карамагында турганы менен, музейдин аймагында эл жашап жаткандыгы тууралуу шаар бийлигинде маалыматы жок. Алар болгону соттун жыйынтыгын күтүшүүдө.

Баткен шаарынын Булак-Башы кварталындагы 120 гектар аянт ачык музей катары корук болуп, мындан 27 жыл мурда  түзүлгөн. Анын 2,1 гектар аянты айдоо жери болгон. Учурда ал жерге турак жайлар түшүп кеткен.

Белгилей кетсек, аталган музейде 20-кылымдагы кыргыздардын үйлөрү сакталган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген