Баткендеги  “Муз – Булак” коругу жаңыланууда

“Муз – Булак” коругуна зыярат кылуу үчүн Кыргызстандын ар тарабынан келишет. Ал Баткендин Кара-Булак айылынан 3 чакырым алыстыкта жайгашкан.

“Муз – Булак” коругунун жаратылышы козз, онго жакын айкел,  жазуучу Мурзапар Үсөндүн эмгектери бар. Жазуучу мындагы шарттарды жалгыз өзү түзгөн. Тикен баскан бир гектар аянтты жашылдандырып, көз жоосун алган эс алуу жайына айландырган. Мурзапар Үсөн бул жердеги дарылык касиети бар булактардын көзүн тазалап, аталыштарына ылайыкташтырып скульптуралык жол менен кооздоп койгон.

Айкөл Манас, акылман Бакай, Алманбет баатырдын айкелдери бул коруктун негизги бөлүгүнөн орун алган. Айкелдер  Манастын миң жылдык маарекесине арналып, көргөзмөгө коюлган. Ал учурда кайталангыс эмгектерин чоң акчага сатып алуу сунуштары түшкөн. Бирок агай өзүнө таандык  айкелдерди акчага сатпастан, бүгүнкү күндө элдин сүймөнчүлүгүнө айланган “Муз булак” эс алуу жайына орноткон.

Муз-Булак коругу быйыл оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы өзгөрүүлөр киргизилди.  Жеңиштин 72 жылдыгына карата тылдагы аялдардын элестери чагылдырган айкелдер менен толукталды. Эми эс алуучу жайдан Манас жана анын 40 чоросунан сырткары эмгекчил аялдардын элесин чагылдырган мемориалдык тактайчаны көрүүгө болот.

Эске салсак “Муз – Булак” коругу 1997-жылы ачылган. Мурзапар Үсөн келечекте корукту мындан жакшыртуу максаттары бар экенин айтты.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz