Баткендеги форумдун жыйынтыгында кол коюлган документтердин тизмеси

Кечээ, 14-октябрда Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» инвестициялык форуму өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, бизнестин, бизнес-омбудсмен институтунун өкүлдөрү катышты.

Форумдун ишинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен «Ихсан Азия Глобал Строй Ипотекалык Компаниясы» ачык акционердик коомунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен «МЕГА ДЖЕК» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы 4 багыт боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум:

1) «Лейлек районунун Арка айылында парк зонасынын курулушу» долбоору;

2) «Лейлек районунун Арка айылында логистикалык борбордун курулушу» долбоору;

3) «Баткен шаарындагы мейманкананын курулушу» долбоору;

4) Кызыл-Кыя шаарындагы парк зонасын реконструкциялоо долбоору;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен «Ак-Буура Групп» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлиги менен «Шампанвинкомбинат» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору мамлекеттик мекемеси, Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана «Т. Ибрагимов» жоопкерчилиги чектелген коому ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

– Баткен мэриясы жана Түркиянын Палаталар жана товардык биржа союзунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жана NEFTAN компаниясы ортосунда агроөнөр жай паркын түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

– Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана «Mak Fidanchilik» компаниясы ортосунда Баткен облусун сапаттуу көчөттөр менен камсыздоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Ошондой эле коноктор үчүн айыл чарба көргөзмөсү уюштурулуп, анда Баткен облусунда өндүрүлгөн продукциянын бардык түрү сунушталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.