Баткендеги 40 үйдүн курулушу аяктоо алдында турат

Үстүбүздөгү жылдын 28-29-апрелинде орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган 40 үйдүн (Баткен районундагы) курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Баткенде жалпысынан 140 үй курулуп, 100 үй Лейлек районунун аймагында толугу менен бүткөрүлүп, тапшырылган.

“Баткен районундагы 40 үйдүн ичинен тогузу Ак-Сай айылында бүткөрүлүп, жаңы үйгө үй ээлери көчүп киришкен. Жакынкы аралыкта калган 31 үй пайдаланууга берилет. Мындан сырткары, президенттин демилгеси жана жеке ишкерлердин колдоосу менен 36 шейит кеткен эр азаматтардын жакындарын колдоо максатында 36 үй курулган”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайына Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 190 кыргызстандык жабыркап, 36 адам набыт болгон.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.