Баткенде жалданма жумушчу иштетүүгө тыюу салынды

Учурдагы кырдаалга байланыштуу Баткен облусунун аймагында акчага жалданып иштөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, акчага жалданып талаа жана курулуш иштеринде иштөөнү токтотуу тапшырмасы облус губернатору Алишер Абдрахманов тарабынан тиешелүү жетекчилерге берилген.

“Мандикерликке тыюу салуу- учурдагы кырдаалга байланыштуу. Коңшу мамлекеттерден жашырынып чыгып иштегендерге, аларды иштеткендерге да мыйзам чегинде чаралар көрүлөт”,- деп айтылат маалыматта.

Аталган облустагы талаа жана курулуш иштерине коңшу Өзбекстандан да жалданма жумушчулар келип, күнүнө 300- 500 сомго иштеп кетишет.

Абылгазиев: 2020-жылдын экинчи жарымында бюджет 28 млрд сом кирешесиз калышы күтүлүүдө

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.