Баткенде жүзүм аткезчилери кармалды

Баткен чек ара отрядынын чек арачылары бүгүн, 29 -сентябрда жүзүм аткезчилигине бөгөт коюшту.

УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен облусунун Жут аймагында кызмат өтөө учурунда чек арачы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү 2 автоунаа жана Фольксваген Крафтер унаасын кармады.

Унааларды текшерүү учурунда чек арачы 6 тонна жүзүмдү табылган.

Айдоочулар Тажикстандан Кыргызстанга карай жүзүмдү алып өтүүну каалашкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жүзүмдүн баасы 450 миң сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочулар жана кармалган жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.