Баткенде унаалардын 10%ы гана каттоодон өткөрүлдү

Баткен облусунун жашоочулары транспорт каражаттарын кайра каттоонун мөөнөтүн узартып берүүнү суранып жатышат. Жеңилдетилген шарттагы жараяндын башталганына 1 ай болсо да, аталган облустагы унаалардын 10%ы да каттоодон өтө элек.

Каттоодон өтүү үчүн кезек күтүүлөрдүн саны арбып, айрымдар эки жумалап да жумушун бүтүрө албай убара тартып келет. Ыксыз кезек күтүүлөрдүн көптүгүнөн улам, тургундар унааларын кайра каттоодон өткөрүп бүтө албайбыз деп кабатырланышууда.

“Каттоого коё турган кызматкерлерди көбөйтүп койсо жакшы болот эле. Ошондо мындай кезек күтүүлөрдүн саны азаймак. Андан тышкары каттоодон өтүүчү мөөнөттү да узартып беришсе жакшы болот эле”,- дейт Баткен районунун тургуну Сабыр Исламов.

Ал эми жумушун арбыбай жаткандыгын каттоо кызматкерлери адистердин жетишсиздиги менен түшүндүрөт. Учурдаболгону 6 кызматкер иштеп жатат. Андыктан, кошумча штат ачуу зарыл экендигин айтат Мамлекеттик каттоо кызматынын Баткен регионалдык каттоо- сынак бөлүмүнүн адиси Нияз Матназаров.

“Кызматкерлер жетпей атат, ушул маселени чечүү керек. Көчөдөн эле бирөөнү апкелип да олтургузуп коё албайт экенбиз. Аны окутуш керек, даярдаш керек. Кызматкер жана кошумча штат маселелери менен жогору жакка кайрылганбыз, бирок жооп келе элек”,- дейт Нияз Матназаров.

Баткен облусу боюнча транспорт каражаттарынын болжолдуу саны 50 миңге чамалайт. Бир ай ичинде өз атына каттагандар болсо 2 жарым миңди көрсөткөн. Ошондо алдыдагы 2 ай аралыгында дээрлик 90 пайыздык жумушту аткаруу маселеси турат.

Эске салсак, «Таза Коом» санариптик программасы жана «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу максатында транспорттук каражаттарды өз ээсине каттатуу жараяны республика аймагында журүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген