Баткенде унаа сайга кулап, 3 адам каза болду

Баткен облусунун Кадамжай районунда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 135-чакырымында Daewoo Tico унаасы жолдон чыгып сайга түшүп кеткен. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болгон (аты-жөнү такталууда) ошондой эле 1996-жылы туулган Э.А. аттуу жигит жабыркаган.

Окуя болгон жерге өзүнчө мобилизацияланган тоо-куткаруу взводунан 3 куткаруучу тартылып, каза болгондорду унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.