Баткенде унаа кырсыгы катталып, эки адам каза болду

Кечээ, 12-сентябрда, Баткенде жол кырсыгы катталып, андан 2 адам каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, кырсык Лейлек районунун Исфана-Кайрагач унаа жолунун 13-чакырымында катталган. Анда эки унаа кагылыша кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши, 1991-жылы туулган Х.А., жана 1978-жылы туулган М.Т. каза болушуп, 7 адам ар кандай жаракаттарга дуушар болушкан.

Жабыркагандар “Тез жардам” менен Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.