Баткенде убактылуу 26 атайын үй курулду

Бүгүн, 4-майда Баткен облусундагы жабыркагандарга жардам, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана эмдөө боюнча маалымат жыйын өттү.

Жыйынга Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Баткенде убактылуу 26 үй салынганын билдирди.

Анын билдирүүсү боюнча, Орто-Боз айылында 26 атайын убактылуу үйлөр салынды.

“Учурда эвакуацияланган жарандардын үйлөрүндө жашаганга мүмкүн эмес. Ал лагерлерде биринчиден медициналык пункт, “Тез жардам” унаасы, дааратканалар, тамак-аш жасоочу жайлар азыр күн ысып кеткендиктен талапка жооп бериши керек. Ушулардын баары биздин кызматкерлер тарабынан текшерилип жатат. Себеби, күн ысыган соң ар кандай инфекциялар көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле ал жерде электр жарыгы барбы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, улгайган адамдарга убактылуу үйлөрдүн шарттары туура келеби, кандай жайгашкан ушул иштердин баары министрлик тарабынан аткарылып жатат”,-деди ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.