Баткенде өткөн фестивалда 400 окуучу бир учурда комуз чертип, Манас айтты

Баткендин Лейлек районунда “Достук-2018” аталышындагы эл аралык фестиваль өткөрүлдү. Ага Кыргызстан менен Тажикстандын жаш өнөрпоздору катышты. 2 күнгө созулган маданий иш- чара эки улуттун чыгармалары, салт-санаалары көрсөтүлүп, маданий эстетикалык маанай тартууланды.

Комузда кол ойноткон 400дөй жаш талант Ош, Бишкек жана Баткен шаарларындагы музыка мектептеринин окуучулары. Өспүрүмдөр эл аралык фестивалга кызуу даярдык менен келишкенин Манас эпосунан үзүндүнү катыра айтканынан байкоого болот.

Катышуучулар кыргыз элинин комузу менен тажиктердин улуттук музыкалык аспаптарын айкалыштыра өзгөчө ыр- күүлөрдү аткарышты.

Коңшу өлкөнүн “Хунар” борборунун артистери кыргызча ырларды созолонтуп, көрүүчүлөрдүн алкышына татыды.

Фестивал ыр-бий менен эле чектелбестен, эки улуттун улуттук буюмдары көргөзмөгө коюлду. Анда Лейлек килемдеринен тарта, сайма, оймо кийизден жасалган буюмдардын түрлөрүн жайды. Андан тышкары жаш сүрөтчүлөр, өздөрү жараткан эмгектерин конокторго тартуулашты.

Фестиваль Кыргызстан маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулуп, эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөөнү максат кылган.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген