Баткенде Тажикстандан келе жаткан 4 тонна жүзүм жүгү кармалды

Баткенде Тажикстандан жүзүм ташып келе жаткан жүк кармалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин аймактагы администрациядан билдиришти.

Алардын айтымында, 13-июль күнү саат 05.00дө Ак-Татыр айылында милиция кызматкерлери жүктү кармап алышкан.

«Лейлек районунан Баткен шаарына эки жүк ташуучу унаа бара жаткан. Алардан 450 куту жүзүм табылган. Айдоочулар жүктүн ээси биринчи унааныны айдап бараткан кыргыз жараны И.Насировду аташты, экинчисин билишпейт. Учурда күч структураларынын мобилдик тобу иштеп жатат », – деп билдиришти обладминистрациядан.

Элдик дружинанын өкүлдөрүнүн айтымында, жүктүн көлөмү 4 тонна. Ал бажы кызматынын облустагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин кыргыз-тажик чек арасы толугу менен жабылган. Кыргыз бийлиги чек ара маселеси чечилмейинче, Кыргызстан өткөрүү пунктун ачпай тургандыгын бир нече жолу билдирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.