Баткенде Тажикстан менен чектеш аймакка үй курууга бийлик каршы болууда. Видео

2015-жылы Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш Чоң-Талаа айылынын 137 кожолугуна 27 гектар жер берилген. Жер тилкесин алган  20дан ашуун кожолук учурда  үй салып жашап жатса, дагы жарымы курулушун уланта албай жатат. Анткени курулуш бүтпөй жатып айыл өкмөт курулушту токтотуп жатат.

Маалыматка ылайык, 2014-жылы чек араны зым менен эмес, турак үйлөрдү салуу менен тособуз деген максатта 27 гектар жер трасформацияланып, 137 үй-булөгө бөлүнүп берилген. Бирок, ушул тапта жергиликтүү бийлик бул аймакка курулуш болбошу керектигин айтып, үй салууга уруксат бербей жатат.

Чоң-Талаа айылынын тургундарынын көйгөйү туурасында кененирээк биздин сюжеттен көрсөңүздөр болот.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген