Баткенде тармактык маркетингди мыйзамсыз жайылткан казакстандык кармалды

Кыргызстанда мыйзамдуу түрдө каттоодон өтпөгөн “Масал Голд” комапниясына Баткен облусунан 68 адам катталган. Бул тармактык маркетинг Ош, Жалал-Абадга да тараган.

Башкы прокуратуранын маалыматында  “Масал Голд» ушул жылдын 20-февралынан тарта Баткен облусунда мыйзамсыз ишмердүүлүгүн баштаган.

“Жаран бул компанияга кирүү үчүн 2 миң сом төлөйт, кийин бонус алып, экинчи этапка өтүүгө 14 адамды артынан ээрчитип келиши керек жана алардын ар бири 2 миң сомдон төлөшөт. Ошентип, 700 миң сом алыш үчүн тармактык маркетинг катышуучусу 5 этапты басып өтүүгө милдеттүү. Бул аралыкта ал 4096 адамды артынан ээрчитип келген болот, алардын баары  16 млн сомдон ашык акчаны компанияга алып келет”, – деп түшүндүрүштү Башкы прокуратурадан.

Баткен облусунда бул компанияга 68 адам катталган. Алар Ош, Баткен шаарларында, Ноокат, Баткен жана Кадамжай райондорунда иш алып барышат.

Мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүүгө шектелген “Масал Голд” тармактык маркетинг компаниясынын өкүлү, Казакстандын жараны С.Г. кармалып, Кадамжайда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыр тергөө амалдары уланууда. Бул компанияга жана мыйзамсыз акча чогултууга тиешеси бар жарандардын өздүгү такталууда.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz