Баткенде “Түштүк-2021” машыгуулары башталды

Баткен облусунда “Түштүк-2021” командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.

Маалымат боюнча, маневрларга бир жарым миңдей жаран жана эки жүздөн ашуун аскер катышууда.

Машыгуулардын максаты республиканын айрым аймактарында аскердик абалдын жана өзгөчө абалдын киргизилишинин шартында аскердик, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин, ошондой эле куралган аскердик бөлүктөрдү практикалык мобилизациялоо жана курч кырдаалда согуштук тапшырмаларды аткаруу болуп саналат.

Аскердик машыгуулар Ош облусунда да өтүп, 4 -сентябрга чейин уланат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.