Баткенде сууга өзүн таштаган өспүрүм кызды милиция кызматкери куткарып калды

Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкери сууга агып бара жаткан кызды сактап калды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июль күнү Кадамжай РИИБинин 102 номерине билдирүү келип түшкөн. Билдирүүдө өспүрүм кыз өзүн “сууга таштайм, жашоодон тажадым” деп айтып, телефонду коюп койгон.

“Кадамжай РИИБинин кызматкерлери алынган маалыматтан соң топ-топко бөлүнүшүп, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Халмион айылдык милиция бөлүмүнүн начальниги милициянын капитаны Нурланбек Бегалиев Таштөбө айылындагы агып бараткан кызды көрүп калып, каналга өзүн таштап, кызды аман алып калган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө быйыл мектепти бүткөн кыз Орозбеков айылында жашаары белгилүү болгон. Ата-энеси Орусияда болгондуктан, таенесинин колунда экен. Үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам ушундай ишке барганы ачыкталды. Азыркы учурда кыздын ден- соолугу жакшы, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнүн коштоосунда туугандарына тапшырылды”, – деди басма сөз кызматкери.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.