Баткенде шалы айдоо иштери кызуу жүрүп жатат

Баткенде шалы айдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Үрөндү себүү май айынан башталып, алгачкылары өнүп чыга баштады.

Дыйканчылыктын бул түрү облустун Ак-Турак, жана Төрт-Күл айыл өкмөттөрүндө жакшы өздөштүрүлүп, жылына облуста 3,5 миң гектар жерге шалы айдалат. Андан 11миң тоннадай түшүм жыйналып, 80%ы ички рынок аркылуу кошуна өлкөлөргө сатылат.

Дыйкандардын айтымында, шалы  өстүрүү май айында башталып, июндун аягына чейин уланат. Анткени бул аймакта күндүн табы сентябрь айларына чейин турат. Эрте бышчу күрүчтөр 3 айда даяр болсо, калгандары 4 ай дегенде бышып жетилет. Бул аралыкта шалыга үзгүлтүксүз суу берилип турушу керек.

“Күрүч бышып, жетилгенге чейин суу менен турушу керек. Үрөн себилген күндөн баштап эсептеп, 110 күнгө чейин суу коюлат. Андан кийин гана коё беребиз, 120 күндө бышат, оруп алабыз”,- дейт дыйкан Амирали Жусупов.

Кадамжай жана Баткен райондорунда күрүч өстүрүү жакшы колго алынып, жылына 3,5 миң гектар жерге шалы айдалат. Бул аймактарда күрүчтүн үзрү, андижан, взросс жана лаззин түрлөрү кеңири таралган.

Түшүмдү оруп- жыйноо иштери болгон соң, ак жуазга тартылат. Ал үчүн айылда атайын электр кубатуулугунун жардамы менен иштөөчү цехтер бар. Бул жерден күнүнө 1 тоннадан күрүч чыгарылат.

Облус аймагында жыл сайын 10,5 миң тонна күрүч өндүрүлүп, анын 8 миң тоннасы экспорттолсо, калганы ички рынокто калат. Жалпы 3,5 миң гектар жерге күрүч айдалып, анын 2700 гектарын  Кадамжай күрүч талаасы ээлейт.

Сюжет: Феруза Аскарбекова, Жыргал Абдижалил уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген