Баткенде сүт завод ачылды

Баткенде алгачкы жолу ЕАЭБ талаптарына жооп берген сүттү кайра иштетүүчү кичи завод ачылды. Ишкана күнүнө 1 тоннага чейин сүт кабыл кылып, жумасына 5,6 тонна  сүт азыктарын өндүрөт.

Кадамжайдын Марказ айылындагы калктын 80%ы мал чарбасы менен алектенишет. Жайында өндүрүлгөн сүттүн көлөмү күнүнө 1 тоннага чейин жетет. Аны жергиликтүүлөр өз алдынча базарга алып чыгып, ар кандай баада сатып жүрүшкөн. Эми сүттү дүң баада айылдагы кичи заводго тапшырганга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Учурда завод айыл тургундарынан 500 литрге чейин сүт кабыл кылып жатат. Ишкана күнүнө 1 тоннага чейин сүттү кайра иштетип, продукциянын алты түрүн чыгарат. Сырьёнун тең жарымы өздөрүнүн фермасынан болот. Быштак, каймак, айран, сыр жана башка сүт азыктары аптасына 5-6 тоннадай даярдалат. Продукция азырынча Кадамжай районунун калкын камсыздайт.

Кичи ишкана жеке ишкерлер тарабынан ачылып, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан жеңилдетилген насыя алынган. 8,5 млн сомго курулуп, Орусиядан алынган заманбап апараттар менен камсыздалды. Учурда жергиликтүү 7 адам жумуш менен камсыз болду.

Кичи ишкананын курулушу 2016-жылы башталган. Эске салсак, Кадамжай районунда жылына 39 миң тоннадай сүт өндүрүлсө, ишкана анын 250 тоннасын кайра иштетет.

Журналист: Феруза Аскарбек кызы.

Оператор-монтажер: Жыргал Абдижалил уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.