Баткенде пенсионерлерге акысыз укуктук жардам берилүүдө

Баткен районунун Интернационал айылында акысыз юридикалык борбор ачылды. Эми айыл жашоочулары өздөрү жашаган аймактан чыкпай эле укуктук кеңештерди ала алышат. Анткени элет жеринде укуктук сабатсыздыктан улам көптөгөн көйгөйлөр жаралып келген.

Мындан улам, Баткен облусунун 20дай айылында активдүү жарандар атайын укуктук жактан окутулган. Эми алар  юристтер жана юристтин жардамчылары болуп уюшулуп атайын борборлорду түптөп иштей башташты.  Алар карыяларга, социалдык жактан жардамга муктаж аялуу катмардагы үй-бүлөлөр үчүн укуктук жардам акысыз көрсөтүшөт.

Ошондой эле айылдардагы  көйгөйлөрдү аныктап,  бийлик жетекчилерине сунуштап турушат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген