Баткенде мыйзамсыз ташылып келген 2 миллион сомдук товар кармалды 

Баткенде аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан 2 миллион сомдук товарлар кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында А.С.Ш. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “ХОВО” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен. Текшерүү учурунда унаанын жүк бөлүгүнөн чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 152 даана чоң көлөмдөгү желим идиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 1,1 миллион сомду түзөт.

Баткен шаарында А.Р.А аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц-Спринтер” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан 2960 литр “Ravenol 10w-40” үлгүсүндөгү мотор майлары табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 888 миң сомду түзөт.

Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген