Баткенде мыйзамсыз ташылып келген 1 миллион сомдук тамеки кармалды

Баткен облусунун аймагында аткезчилик жол менен ташылып келе жаткан “CAVALO” маркасындагы чыпкалуу 12 480 куту тамеки кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери аталган облустун аймагынан М.Э.Р аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “CHEVROLEN CAPTIVA” үлгүсүндөгү таранспорт каражатын токтотуп текшеришкен. Текшерүү учурунда тамекилер чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткандыгы аныкталган.

Кармалган товардын жалпы баасы 998 миң 400 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген