Баткенде мыйзамсыз ташылып келе жаткан 21 тонна кургатылган жемиш кармалды

“Баткен-Ош-Исфана” автоунаа жолунда мыйзамсыз ташылып келе жаткан 21,9 тонна кургатылган жемиш кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери “Вольво” үлгүсүндөгү унааны чиркегичи менен токтотуп, текшерүүгө алышкан.

Мындан сырткары, Ош облусунун аймагында “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан “MAN” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи менен токтотулуп текшерилген. Текшерүү учурунда чектеш өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келе жаткан 432 кап кургатылган жемиштер табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 604 800 сомду түзөт.

Аталган фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген