Баткенде мыйзамсыз ташылып келе жаткан 19 тонна кургатылган жемиш кармалды

Баткенде мыйзамсыз ташылып келе жаткан 19 тонна кургатылган жемиш кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-январь күнү Лейлек районунун Жаңы-Жер конушунда чек ара кызматкерлери “Renault Premium” үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүгө алышкан. Айдоочулар товардын мыйзамдуу экенин тастыктаган документ көрсөтө алышкан эмес. Жүктүн жалпы баасы 2 млн сом болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, кармалган жүк Бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген