Баткенде мыйзамга баш ийбеген 25 ишканага 93 миң сом айып салынды

Баткен облусунда үй шартында той өткөргөн 9 жаранга айып салынды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басарлары, аппарат жетекчиси жана тийиштүү кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия район, шаарларда беткап режими жана санитардык талаптардын аткарылышы боюнча мекеме ишканаларга рейд жүргүзүлүүдө. Ушуга чейин жалпы облус боюнча 63 мамлекеттик мекеме ишканалардын санитардык абалы текшерилди.
Натыйжада, кечээ 24-сентябрь күнү жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында үйүндө көп адам топтоп, той өткөргөн 9 жаранга 3000 сомдон айып салынды. Ал эми бир күндө жалпы 133 ар кандай багыттагы ишканалар текшерилип, 25 ишканага, 93 миң сом айып салынды.
“Баткен облусунда дагы да эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон сакталууда. Эл көп топтолгон жайлардагы санитардык талаптардын аткарылбагандыгы жана той мааракелердин өткөрүлүшү, эпид кырдаалды турукташтырууга түздөн түз тоскоолдук жаратууда”,-деп билдирди Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген