Баткенде мурда кылмыш жасаган жаран кармалып, курал-жарактар алынды

Баткен облусунда мурда 2 жолу сот жообуна тартылган жаран кармалып, жанынан белгисиз маркадагы автомат, тапанча, бычак жана беткап алынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган С.Н. аттуу жаран 20-февраль күнү 5 баш жылкы уурдап, издөөдө жүргөн. Шектүүнү Баткен ОИИБнын жана Баткен РИИБнин криминалдык милиция кызматы аталган шаарда жашырынып жүргөн жеринен кармашкан.

Бул факты Баткен ШИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200–беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сүлүктү шаарынан банктык карточка жана акча уурдаган жаран кармалды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген