Баткенде мугалим сабады делген окуучунун абалы оорлошууда

Баткенде мектеп окуучусун мугалим сабап, эки жылдан бери ооруканага каттап жүрөт. Учурунда мугалим менен өз ара келишип алган ата-энеси баласынын абалы оорлошокндо гана окуяны коомчулукка ачыктап чыкты.

Алардын билдирүүсүндө, Ак-Татыр айылындагы мектептин англис тили мугалими 6-класста окуган Эрлан Эркебаевди келтектеп, баш сөөгүнө доо кетирген. Ата-энеси менен өз ара келишип, бала 18ге чыккыча дарылатып турууну убадалаган Жумагүл Улукова медициналык кароодон өткөрүүнүн чыгымын көтөргөн эмес.

Ошондуктан Эрлан ооруканага мөөнөтүнөн кеч калып келгени үчүн абалы жакшы эмес. Башы айланып, өзүн жаман сезип жатканын айтат. Дарыгерлер аны ар алты ай сайын дарыланып туруу керектигин эскертишкен.

Баш сөөгүндөгү жаракат менен убагында дарыланбоо кооптуу экенин дарыгерлер билдиришти.

Эрланды Т.Садыков мектебинин чет тили мугалими Жумагүл Улукова сабаганын башка окуучулар да ырасташат.

“Сабакты билбегени үчүн балдарды урган. Алардын арасынын Эрлан көбүрөөк келтек жеп калган болчу”, – дейт Т.Садыков мектебинин 6-классынын окуучусу Рустам Болот уулу.

Бирок окуучуну сабаган деп айыпталып жаткан Жумагүл Улукова айтылгандарды төгүндөп, баланы урбагынан айтты. Тастыктоо үчүн Ошто медициналык экспертизадан да өткөрүп, эч кандай жараат алгандыгы далилденген эмес дейт ал.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar