Баткенде мобилдүү топтор төрт аткезчилик фактысын аныктады

Баткен облусунун чек аралаш аймактарында мобилдүү топ ишке киришкен 10 күн аралыгында төрт аткезчилик фактысы аныкталды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, кармалган жарандар мыйзамсыз жол менен кошуна мамлекеттерге жүк өткөрүүнү көздөшкөн. Ал эми жүктөр негизинен жашылча жемиш, азык-түлүк жана турмуш-тиричиликке керектүү ар түрдүү материалдар болгон. Учурда аталган товарлар бажы кызматына өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 21-майында, облустун чек ара аймактарында кошуна өлкөлөргө мыйзамсыз өтүп жаткан аткезчилик фактыларына каршы күрөшүү, мобилдүү топторду түзүү  боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин буйругу чыккан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.