Баткенде малина талаалары көбөйүп жатат. Видео

Кадамжай району малина жетиштирүү боюнча өлкөдө алдыңкы аймактардын катарына кирет. Райондогу  калктын 90 пайызы жемиштин бул түрүн өстүрөт.Жылына аймакта 500 тоннадай тушум жыйналат. Жергиликтүү калктын негизги киреше булагы болгон ширелүү мөмө-жемиштин бул түрүн дыйкандар Ош, Жалал-Абад жана борбор калаа Бишкекке чейин алып барып, 1 килограммын 40 сомдон 60 сомго чейин сатышат.

Халмион айыл өкмөтүндө  багбанчылыкты малинага алмаштырган 500гө жакын дыйкан бар. Алар аз дегенде 10 сотых аянтка малина эгип, 150 миң сомдой киреше табышат. Жалпысынан аталган айыл өкмөттө жалпы 100гектардай малина аянттары бар.

Видео: Жыргал Абдмжалил уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген